КӨК-ЖЕЛЕ
КӨК-ЖЕЛЕ , А с м а н ж а а с ы, А с а н - Ү с ө н – атм-дагы суу тамчыларында жарыктын сынышынан, чагылышынан, интерференциясынан ж-а дифракцияланышынан келип чыккан оптикалык кубулуш. Асмандын Күнгө карама-каршы тарабына жааган жамгырда күн нурунан түркүн түстөгү жаа пайда болот. К.-ж-нин борбору күндүн дискасы м-н байкоочунун көз деңгээли аркылуу өткөн түз сызыкта жатып, К. ж-нин жаасы 42° бийикке жет-

кенде жоголот. Тоолуу жерлерде К.-ж-ни ландшафт бетинен да көрүүгө болот. К. ж. шаркыратмада, фонтанда, жаадырып сугарган учурда, жамгырдуу түндө прожектор нурунун жолунда да пайда болот. Кээде самолёттон К.-ж-нин толук айланасы көрүнөт. Айрым учурда түсү тескери жайгашкан (тышы көгүш кызыл, ичи кызыл) бурчтук радиусу 52° болгон экинчи К.-ж. байкалат. Жамгыр тамчылары канчалык чоң болсо, К.-ж-нин түсү ошончолук ачык болот. Кыргыздар К.-ж-ни А с м а н ж а а с ы, К ү н ж е л е с и («күндүн кулагы»), Ж е з к е м п и р д и н ж е л е с и деп атайт. Ил. жактан К.-ж-нин пайда болушун 1637-ж. француз Р. Декарт, тагыраак теориясын англис Ж. Эри ж-а австриялык геофизик Й. М. Пернтер далилдеген.