КӨК-ЖАР СЫМАП КЕНДЕРИ
КӨК-ЖАР СЫМАП КЕНДЕРИ Нарын обл-нун аймагында, Улан тоосунда (Нарын кырка тоосу), Көк-Жар суусунун сол өйүзүндө жайгашкан.
Кен 1950-ж. табылып, 1962–66-ж. геол. изилдөө
иштери жүргүзүлгөн. 40ка жакын кен ж-а кенче ачылып, бири-бирине жакын турган Көк- Жар, Көк-Жар – Текели-Төр, Дүрмө, Батыш
Улан деген кенташтуу аймакка бөлүнгөн. Негизгиси – Көк-Жар. Ал уз. 11 км, эни 1–1,5 км
келген аянтты ээлейт. Аймагында силур мезгилинин аягында пайда болгон сланец м-н акиташ теги, девондун эффузивдери, акиташ тектери жатат. Катмарлар жылышуу тибиндеги тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Мында сымаптын 12 кичирээк кенчеси бар. Кендер тектон. жылышуу жаракаларынын астында, акиташ тектери м-н кремнийлүү эффузивдердин чегинде, кээде акиташтуу аймактарда жайгашкан. Сымап кени киновардан туруп, тарамча ж-а майда уяча, бүртүкчө түрүндө. Киноварь м-н бирге галенит, сфалерит, пирит, халькопирит, гематит, пирротин ж-а өңү өчкөн кенташ минералдары кезигет. Кенташтагы сымап 0,02–1,46%, кээде 3–5%ке жетет.