КӨК-ЖАР КӨРҮСТӨНДӨР ТОБУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ЖАР КӨРҮСТӨНДӨР ТОБУ – 1) б. з. ч. 6– 4-к-га таандык археол. эстелик. Ак-Талаа ай­магындагы Казарман – Нарын автомобиль жо­лунун сол өйүзүндө, Көк-Жар айылына 1 км жетпей жайгашкан. Түндүктөн түштүктү карай тизмектешкен 19 дөбө-мүрзө ж-а майда мүрзө­лөрдөн турат. Бийикт. 0,1–2,7 м, диаметри 5– 28 м; 2) 1–6-к-га таандык. Көк-Жар айылынын батыш четинде. Жолдун оң өйүзүндө 5 дөбө­мүрзө бар. Бийикт. 0,2–0,6 м, диаметри 6–9 м. 1983-ж. археолог М. И. Москалёв баяндап жаз­ган. Казуу иштери жүргүзүлгөн эмес.