КӨК-ЖАР КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ЖАР КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Токтогул районунда, Торкен кыш-нан 20 км түн.-батышта, Нарын д-нын оң өйүзүндө, деңиз деңг. 995–1005,4 м бийикте. 1969-ж. Түн.
Кыргыз геол. экспедициясы чалгындап, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилин­де пайда болгон чөкмө тектер жатат. Кум-ша­гыл катмарынын калыңдыгы 14 мден ашат. Шагыл таштар жумуруланган гранит, конгло­мерат, кумдук, эффузив, акиташ тектеринен турат. 400 ммге чейинки шагыл фракциясы 55%, жалпак, сүйрү бөлүкчөлөрү 22%ке чейин, кум (5 ммден майдасы) 23%. Кум полимиктүү, орто ж-а ири бүртүктүү. Арасындагы чаң 10%ке жетет, слюда (1–1,5%) кезигет. Кумдун кө­лөмдүк массасы 1600 кг/м3. Шагылдар ир­гелип, жуулуп, чаңдан арылгандан кийин «300» маркасындагы бетон алууга жарамдуу. Запасы А+В категориясы б-ча 2655 миң м3, С – 4690 миң м3.