КӨК-ЖАЙЫК
КӨК-ЖАЙЫК – Ысык-Көл ойдуңундагы кооз жер. Жети-Өгүз суусунун ортонку агымында жайгашкан. Жети-Өгүз районунун аймагында. Таманынын уз. 3 км, туурасы 1 кмдей. К.-Ж. Тескей Ала-Тоонун бийик бөлүгү м-н орто бийиктеги Көк-Бел тоосунун ортосунда кеңдик багытында созулуп жаткан байыркы өрөөндүн бир бөлүгүн ээлейт. Жети-Өгүз өрөөнүнүн тегиз ж-а жайык бөлүгү. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Таманы жантайма (5–10°) түздүк, асты палеогендин кызыл түстүү тектерине, үстү байыркы мореналарга, флювиогляциалдык

чөкмөлөргө, о. эле аллювий-пролювий тектерине толгон. К.-Ж-тын башы (түш.-чыгыш тарабы) байыркы өрөөн мөңгүсү жаткан тепши сымал өрөөн, түндүгүндө Көк-Бел тоосун Жети-Өгүз суусу кесип өтүшүнөн пайда болгон антецеденттик кууш капчыгайга өтөт. Өрөөндүн капталдарына кыска кокту, сайлар мүнөздүү. Климаты мелүүн континенттик; июлдун орт. темп-расы
13°С, январдыкы –7,5°С. К.-Ж. шиберлүү ж-а
токойлуу (карагай, бадалдуу) кооз ландшафты м-н өзгөчөлөнөт. Маанилүү жайкы жайыт. Эс алууга ыңгайлуу. Мында малчылардын майрамы, улуттук оюндар өткөрүлүп турат. Жайкы туризм өнүккөн. К.-Ж. формасы жагынан чыгыш жагы ачык табигый стадион сыяктуу жер. Түш. ж-а батыш капталдары калың карагайлуу токой, түндүгү кызыл аскалар, ортосу көк шибердүү түздүк. Кийинки жылдарда түз жерлерге карагай отургузулуп, табигый кооздук бузулган. Түн. жагынан К.-Ж-ка келатканда «жарылган жүрөк» деген кооз кызыл аска көрүнөт.
Өрөөнгө автомобиль жолу жетет. К.-Ж-тан 4–
5 км төмөнүрөөк «Жети-Өгүз» курорту жайгашкан.
Ад.: Маречек Б. Р. Туристические маршруты по
Северу Киргизии. Ф., 1981; Мильков Ф. Н. Физическая география. Учение о ландшафте и географическая зональность. М., 1986; Кыргыз жергеси. Ф., 1990; Касымова В. М. Вода, энергия, экология. Б., 2000.