КӨК-ДӨБӨ АНДАЛУЗИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ДӨБӨ АНДАЛУЗИ́Т КЕНИ Чүй районунда, Ысык-Ата кыш-нан 45 км аралыкта, деңиз деңг. 2390–2470 м бийикте жайгашкан. 1962-ж. та­былган. Андалузит 20–25%. 1,5 кмге созулуп, калыңдыгы 100 м ж-а 21 м. Кварц-андалу­зит-мусковиттүү сланецтин эки кабаты көк-мой­нок свитасында жатат. Глинозём 11,0%тен 16,89%ке чейин өзгөрөт. Болжолдуу ресурсу 100 м тереңдикке чейин 45 млн тга жакын. Ир­геп карапа өнөр жайына керектүү андалузиттик агре­гат алууга болот.