КӨК-ДӨБӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-ДӨБӨ – Ысык-Көл районундагы кыштак.
Н. Я. Ананьев атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1802 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата ш-нан 55 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 135 км. Калкы 900 (2009); негизинен мал асырашат. Орто мектеп, китепкана, клуб ж-а ФАП бар.