КӨК-АРГЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-АРГЫН , К ө к - А й г ы р – Ат-Башы районунун аймагы аркылуу аккан суу. Ат-Башы кырка тоо­сунун түш. капталынан башталып, Чатыр-Көлгө куят. Уз. 43 км, алабынын аянты 378 км2. Баш­талышында капчыгай аркылуу түш.-чыгышты карай, Көк-Аргын кыштоосунан саздуу өрөөн м-н батыш тарапка агат. Өзөнү имерилиштүү. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,68 м3/сек. Эң чоң чыгымы июлда, эң азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, сентябрда тарты­лат. Ири куймалары: Бала-Көк-Аргын (18 км), Корум-Суу (14 км), Ак-Таш (10 км).