КӨКӨМЕРЕН 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨКӨМЕРЕН (Ziziphora) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп же бир жылдык жыттуу чөп. Гүлү майда, мала же көгүш кызыл, топ гүлү – башча. Жер Ортолук деңизден Борб. Азияга чейин 30дай түрү таралган. Кырг-нда 4 түрү кездешет. К. тоонун шагылдуу кургак жеринде өсөт. Бардык түрүндө эфир майы бар, көпчүлүгү – балдуу өсүмдүктөр.