КӨКӨМЕРЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨКӨМЕРЕН ФЛЮОРИ́Т КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал районунда, Чаек кыш-нан 30 км батышта, деңиз деңг. 2100–2200 м бийикте. 1943- ж-а 1952-ж. коргошун кенин чалгындоодо флюорит кошо каралган. Жумгал тоосунун түш. капталындагы граниттердин арасында уз. 200– 600 м, калыңдыгы 0,1 мден 6 мге жеткен флюорит – галениттин 10 тарамы байкалган. Калыңдыгы 0,2–4 м болгон ¹ 6 тарамы чалгындалган. Флюорит майда кристаллдуу, ачыкжашыл түстө, өзүнчө масса же чачынды түрдө кездешет. Фторлуу кальцийдин өлчөмү 4,58%тен 34,52%ке чейин өзгөрөт. Запасы В+С1+С2 категориясы б-ча 22 миң т. Башка тарамдарды таап, терең чалгындоодон запасын көбөйтүүгө болот.