КӨКӨМЕРЕН ГРАНИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨКӨМЕРЕН ГРАНИ́Т КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал районунда, Кызыл-Ой кыш-нан 15 км түн.- чыгыш тарапта, Көкөмерен суусунун оң өйүзүндө. 1955-ж. табылган. Кен аймагын ордовик мезгилиндеги суусамыр интрузиясынын батолити түзөт. Кен порфир сымал ири кристаллдуу граниттен туруп, батолиттин бир тармагын ээлейт. Өңү кызгылтым боз. Гранитте микроклиндин 2–3 см өлчөмдөгү кызгылтым кристаллы өзгөчө бөлүнүп, порфирдик түзүлүштү пайда кылат. Гранит жаракалуу. Жылмалап сайкалдаганда күзгүдөй жаркырап, каралжын ж-а кызгылтым минералдар өзүнчө көрк берип турат. Физ.-мех. касиети б-ча дубалдарды каптап кооздоого жарамдуу. Запасы ондогон млн м3ге жетет.