КӨКӨБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКӨБАЕВ Базаралы (1935-ж. т., Талас обл., Талас району, Ак-Сай кыш.) –

малчы, Соц. Эмг.
Баатыры (1958). 1950-жылдан Талас районундагы Манас колхозунун баш ча­баны болуп иштеп, 1956-ж. ар бир ириктен 3,7 кг, 1957-ж. 4,5 кг жүн кыркып алып, 1958-ж. ар ирикти 75 кг салмакта мамлекетке өткөргөн. 1961–75-ж. ферма башчысы, 1975–87-ж. бри­гадир, кайрадан ферма баш­чысы. 1988-жылдан ардак­туу эс алууда. 1959–63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин депутаты. Ленин ордени м-н сый­ланган.