КӨКҮМ БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКҮМ БИЙ , К ө к ү м Б а г ы ш у у л у (т. ж. б. – болжол м-н 1629-жылдан кийин) – кыргыз элинин белгилүү бийлеринин бири. Сан­жыра б-ча Багыштын атасы Жанкороз (Кара­чоро), анын атасы Тагай бий деп айтылат. 17- к-да ойрот урууларынын биригүүсү башталып (к. Жуңгар хандыгы), кыргыз-казактар аларга туруштук берүү үчүн бирдиктүү союз түзүшкөн ж-а Эр Эшимди хан көтөрүшкөн. Ал 1629-ж. Ташкентте хан болуп турган Турсунду өлтүрүп, катагандарды кырган. Анын ордуна Эшим хан­дын ишенимдүү адамы катары К. б. Ташкент ш-на улук болуп дайындалган. Элдик санжы­рада анын саясий таасири өтө жогорулап ба­ратканын көрө албагандыктан, казактын дуу­лат (чанычкулу) уруусунан Карабайтик уу бе­рип өлтүргөнү ж-а ошол себептен кыргыз-казак­тын ынтымагы кеткени айтылып калган. Кээ бир маалыматтарда (мис., А. Левшин, М. Ты­нышбаев) 1740-ж. Ташкенттен дуулаттар куу­луп, калмактардын атынан аны К. б. бийлеп калган деген жаңылыш кабарлар да кезигет. Сөөгү Ташкент ш-на (азыркы Шайхантаур району, Карлыгач мазары) коюлуп, Эшим хандын буй­ругу м-н чоң күмбөз салынган. Күмбөздүн төбөсү көк сыр м-н сырдалгандыктан, «Көкүмдүн көк күмбөзү» аталган. Бул күмбөздүн калдыгы азыр­кы күнгө чейин сакталып турат. Тооке Жааң­гер уулунун (Эшим хандын небереси) тушунда К. б-дин уулу Тейиш бий (Кан-Тейиш) кыргыз­казактар ынтымагын түзүп, эки элдин бирим­диги бекемделген. Тейиштин уулдары Аккочкор, Каңкы Жаңыл Мырзанын окуяларында эске­рилет.


Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соч. в пяти томах. Т. 1. А., 1961; Тоголок Молдо. Тарых, түпкү аталар// Кыргыз­дар. Б., 1991; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы.

Т. 1. Б., 1993; Левшин А. И. Описание Киргиз-Кай­сацких орд и степей. А., 1996; Тынышпаев М. Исто­рия казахского народа. А., 1998.

Т. Асанов.