КӨКҮМБАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨКҮМБАЙ Чыны уулу (19-к-дын 2-жарымы – 1934/35, Фрунзе) – Жумгал өрөөнүнөн чыккан белгилүү манап. Кыргызстандын Россияга каратылышынан кийин бир нече жолу болуш болуп шайланган. 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөш (к. Үркүн) учурунда кол курап, Жумгал элин орус акимчилигине каршы уюштуруучулардын ж-а жетекчилердин бири катары таанылган. Көтөрүлүш жеңилгенден кийин Кытайга качып, 1918-ж. өз жерине кайтып келген. 1920-жылдардын аягында Совет өкмөтү аны байманаптын өкүлү катары камакка алып, бир нече жыл суракта жүрүп каза болгон.
Д. Сапаралиев.