КӨЙКАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЙКАП – Борб. Теңир-Тоодогу суу, Сары-Жаз­дын сол куймасы. Ак-Суу районунда. Уз. 33 км, алабынын аянты 507 км2, деңиз деңг. бийикт. 3200 м. Какшаал тоо тизмегиндеги Көйкап мөң­гүсүнөн башталып, Сары-Жазга куят. Алабы мөңгүлүү. Негизинен мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Ири куймалары: Сары-Төр, Карагай­луу, Май-Баш, Булантөр (оң). Жылдык орт. чы­гымы 5 м3/сек; эң көбү июнь–июлда, эң азы январь–февралда.