КӨЗ АЙНЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗ АЙНЕК – көздүн көрүү кемтигин оңдоо ж-а шамалдан, чаңдан, о. эле күн нурунан ж. б­дан коргоо үчүн колдонулуучу оптикалык при­бор. Ал эки линзадан ж-а алар бекүүчү эки ал­кактан, кулакка кыстаруучу кармоочтон турат. Көзгө түшкөн жарык нуру көз торчосунда кеси­лишип, ал жерде сүрөттөлүш пайда болгондо, нерсе даана көрүнөт. Кемтиги бар көздө жарык нуру көз торчосуна жетпей кесилип, нерсенин сүрөттөлүшү көз торчосунун алдында болот. Мында адам жакын нерсени жакшы көрүп, алыстан начар көрөт. Айрым учурда нерседен түшкөн жарык көз торчосунан өтүп кесилишет. Бул учурда нерсенин сүрөттөлүшү көз торчосу­нун артында пайда болуп, киши жакындан на­чар, алыстан жакшы көрөт. Жарык нуру том­пок линза аркылуу өткөндө бир чекитке чогу­луп, чогултуучу линза деп аталат. Жарык нуру иймек линза аркылуу өткөндө, ал чачырап, линзанын алдында жалган фокус пайда кылат (чачыраткыч линза). Эки жагы иймек линза­луу К. а-ти алыстан начар көрүүдө, ал эми жа­кындан начар көрүүдө эки жагы чогулткуч лин­залуу К. а. сунуш кылынат. Мындан тышкары жарык чогулткуч ж-а чачыраткыч цилиндрлүү линзалар белгилүү. Мындай линза астигматизмде колдонулат. Айрым учурда бир эле убакта алыс­ты да, жакынды да жакшы көрсөтүүчү К. а-тер­ди колдонсо болот. Анда К. а-тин үстүнкү бө­лүгүндө алысты жакшы көрсөтүүчү, төмөнкү бөлүгүндө жакынды жакшы көрсөтүүчү айнек салынат. Эки көз ар кандай көрсө же бир көздүн чечекейи жок учурда контакттуу линзалар кою­лат. Ал абдан сапаттуу пластмассадан жасалат. Косметикалык жактан артыкчылыгы болгон­дуктан, көп пайдаланылат. Көрүү нерви м-н көз торчосу жабыркап, көрүү өтө начарлаганда, те­лескоптуу, көрүү айланасын чоңойтуучу күз­гүлүү, о. эле чалыр көздү оңдоочу К. а-тер бар. Коргоочу К. а-тер көздү урунуудан, мех. ж-а хим. заттардан, күн нурунун зыяндуу таасиринен сактоо үчүн колдонулат. О. эле инфракызгылт­көк нурлары м-н байланыштуу иште (айнек үйлөтүүчү, болот эритүүчү ж-а ысык цехте) иш­тегендерге атайын коргоочу кара К. а-терди кийүү сунуш кылынат. К. а. тагынуу м-н түзө­түлөт. К. а-те колдонулуучу линзалардын оп­тикалык күчү диоптрия м-н туюнтулат.