КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЗӨМӨЛЧҮЛҮК – жетим (кароосуз) калган бала-бакыра, багар-көрөөрү жок оорулуу, кары­ган кишилерди багуу, таалим-тарбия берип, камкорлукка алууга арналган атайы укук. Жашы жете элек балдарды К-кө алуу элге би­лим берүү бөлүмдөрүнүн бирине жүктөлүп, ага жашы жеткен, жоопкерчиликке жарамдуу адам гана дайындалат. Ал көзөмөлгө (кароого) алын­ган кишинин атынан документти күбөлөндүрүү, келишим түзүү, турак жай алмаштыруу, мен­чиктен баш тартуу сыяктуу ж. б. иш-чараларга көзөмөл жасайт. Эгер көзөмөлгө (кароого) алын­ган кишини (баланы) бирөө асырап алса (өз үй­бүлөсүнө кайтарылып берилсе), К. милдет өз кү­чүн жоготот. Ал эми өз милдетин талаптагы­дай аткарбаса, андан четтетилип, эгер милде­тин өз мүдөөсү үчүн пайдаланса, анда К. милдет аткаруучу кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн.