КӨБӨЙТҮҮЧҮЛӨРГӨ АЖЫРАТУУ
КӨБӨЙТҮҮЧҮЛӨРГӨ АЖЫРАТУУ к ө п м ү ч ө н ү – төмөнкү даражалуу эки же андан көп сандагы көп мүчөлөрдүн көбөйтүндүсү түрүндө теңдеш өзгөртүү. Кобойтуучулорго ажыратуунунун эң жөнөкөй ыкмалары: 1) жалпы көбөйтүүчүнү кашаанын сыртына чыгаруу: 2а3b –3ab2=ab(2a2–3b), а+b=a(1+ );a 2) кыскача көбөйтүүнүн формулаларын колдонуу: 4x2–4xy+y2=(2x–y)2, 8a3–b3=(2a – b)(4a2+ +2ab+b2); 3) кошулуучуларды топтоо, мисалы, 2ас–4аd+3bc – 6bd=2a(c – 2d)+3b(c–2d)=(2a+3b)(c– –2d). 4) Кошулуучуларды бөлүштүрүү: a3+2a+2= =a2+2a+a+2=a(a+2)+(a+2)=(a+1)(a+2) ж. б. Эгерде n даражалуу Px)=a (+a x+a х2+...+a xn (an:;t0) көп мүчө болсо, анда x1, x2, x3, ..., xn анын тамырлары болот. P(x)=an(x–x1) ...(x–xn), мында баары 1-даражадагы көбөйтүүчүлөр. Мисалы, 3-даражалуу х3–6х2+11х–6 көп мүчө х =1, х =2, 1 2 х3=3 тамырларга ээ болсо, ал төмөндөгүдөй көбөйтүүчүлөргө ажыратылат: х3+6х2+11х–6=(х––1)(х–2)(х–3). Кобойтуучулорго ажыратуу теңдемелерди ж-а барабарсыздыктарды, ошондой эле башка маселелерди чыгарууда колдонулат.