КӨБҮК-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨБҮК-СУУ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Көкөме­рендин оң куймасы. Жумгал районунун аймагы аркылуу агат. Уз. 35 км, алабынын аянты 398 км2. Куралуу аймагынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2800 м. Негизинен кар ж-а жер астын­дагы суулардан куралат. К.-С-нун 52 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 9,4 м3/сек, модулу 23,6 л/сек.км2. Июль айында ташкындап, фев­ралда тартылат. Алабындагы мөңгүлөрдүн жал­пы аянты 2,7 км2.