КҮЧӨТКҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮЧӨТКҮЧ т е х н и к а д а – жардамчы булактагы энергияны пайдалануунун эсебинен сигналдын кубаттуулук таасирин чоңойтуучу түзүлүш. Күчөтүлүүчү сигналдардын физ. табиятына ылайык К. мех., пневматикалык, гидравликалык, электрдик ж-а магниттик болуп айырма­ланат. К. – автоматика, телемех., радиотех. ж. б. түзүлүштөрүнүн негизги элементтеринин бири.