КҮРМӨНТҮ ТЕМИР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КҮРМӨНТҮ ТЕМИР КЕНИ Нарын р-нунда, Же­тим кырка тоосунун түш. капталындагы Күрмөн­тү суусунун башталышында. 1956-ж. табылган. Кен аймагын рифей-венддин аягында пайда бол­гон терригендүү тектер түзөт. Темир кени кон­гломерат-сланец катмарында топтолгон. Анын линза сымал тулкусу гематит-магнетит ж-а магнетиттен туруп, туурасы 100–400 м, уз. 3,5 кмге созулган тилкеге айланат. Кондициялык өл­чөмү 35–40%ке чейин. Запасы 169 млн т.