КҮМҮШТАК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КҮМҮШТАК – Талас обл-нун Бакай-Ата р-нунун аймагы аркылуу аккан суу; Талас д-нын сол куймасы. Талас Ала-Тоосунун түн. капталынан башталып, түндүктү карай агат. Уз. 60 км, алабынын аянты 393 км2. Негизинен кар, булак ж-а жаан-чачын сууларынан куралат. Май айында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орт. чыгымы 2,71 м3/сек, эң көп чыгымы июнь – июлда, азы февраль – мартта байкалат. Ири куймалары: Талды-Булак, Чоң Коңур-Дөбө. Негизинен сугатка пайдаланылат. К-тан 7 канал чыгарылган, алар 3,48 м3/сек суу өткөрө алат. Алабында Шапак, Кызыл-Кыргызстан, Боо-Терек кыш. бар.