КҮКҮРТ КИСЛОТАСЫ
КҮКҮРТ КИСЛОТАСЫ , Н2SО4 – эки негиздүү күчтүү кислота. Суусуз К. к. – 10,4°Сде кристаллдаша турган түссүз май сыяктуу суюктук. Сууда эригенде өтө көп сандагы жылуулук бөлүп чыгаруу м-н гидрат пайда кылат. Ал суунун буусун абдан тез сиңирип алгандыктан, газдарды кургатууда колдонулат. Концент. К. к. (өзгөчө ысык к-та) – күчтүү окистенткич. Анын металл-дар м-н өз ара аракеттениши концент-сына жараша ар түрдүү өтөт. Суюлтулган К. к. өзүнүн иону м-н суутекти окистендирет. Ошондуктан ал активдүүлүк катарында суутектен мурун турган металддар м-н гана өз ара аракеттенишет. Концент. К. к-тасында окистендиргич күкүрт (VI) болуп саналат ж-а активдүүлүк катарында күмүштөн мурда турган металлдарды гана кычкылдандырат. Калыбына келтирүүнүн продуктусу металлдын активдүүлүгүнө ж-а шартка жараша ар түрдүү болушу мүмкүн. Активдүүлүгү начар металл, мис., жез м-н өз ара аракеттенишкенде к-та SО2ге чейин калыбына келет.К. к. эки негиздүү к-та катары эки түрдүү тузду (орто ж-а кычкыл туз) пайда кылат. К. к-нын орто туздары – сульфаттар, ал эми кычкыл туз-дары гидросульфаттар деп аталат. К. к-нын көпчүлүк туздары сууда жакшы эрийт. Дээрлик эрибей турган туздары: ВаSО4, SnSО4, РbSО4.Кальций сульфаты СаSО4 начар эрийт. Барий-дин эрибей турган туздары сульфат иону үчүн реактив болуп саналат. Ө. ж-нда К. к. Күкүрттүн кош кычкылын SО2 үч кычкылына чейин кычкылдандырып, андан кийин SО3тү суу м-н аракеттендирүүдөн алынат.
Ад.: Амелин А.Г., Яшке Е. В. Производство серной кислоты. М., 1974. М. Кыдынов.