КҮЙКӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КҮЙКӨ (Cerchneis tinnunculus) – шумкарлар тукумундагы жырткыч куш. Дене уз. 35 смге

чейин жетет. Ургаачысы эркегинен чоң. Жүнү саргыч, эркегинин жонунда кызыл күрөң тактары, ургаачысынын туурасынан кеткен чаар тилкелери бар. Боор жагы саргыч, кара тактуу. Евразияда жана Африкада таралган. Түндүктө келгин, түштүктө тургун куш. Тундрадан башка бардык жерлерде кездешет. Кырг-нда түздүктөн тартып, деңиз деңг. 3000–4000 м бийиктиктеги тоолордо таралган. Адамга бат үйрөнөт. Даракка, аскага, каралбай калган курулуштарга уялайт. Жалгыздан жана бир нече ондогон, жүздөгөн жуптан турган топ болуп жашайт. К. кемирүүчүлөр, кескелдириктер, майда чымчыктар жана курт-кумурскалар менен азыктанат.