КЫЧАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЧАН , Д ү й ш ө к е Жакыпов [1919, Иванов­ка р-ну, Ажырык-Барат кыш. (азыркы Ысык- Ата р-ну, «Социалчыл» айылы) – 27. 8. 1933, ошол эле жер] – каарман пионер. Ал Совет бий­лигин орнотууда, анын саясатын (жаңы экон. саясат, тап күрөшү, кулакка тартуу ж. б.) ишке ашырууда ага каршы чыккан кулактардын, кожо-молдолордун карасанатай иштеринин бе­тин ачкан. Жакын тууган, бирге окуган курбу­ларынын айтуусу б-ча К. респ-да а. ч-ны кол­лективдештирүү мезгилинде айылына жардам берип, жайкы эс алуу учурунда талаада чөмөлө салып, кырманда моло таш тартып иштеген. 1933-ж. ошол айылдагы Жумаалы аттуу адам 2 уй уурдап баратып, Жар-Башыга жетип алуу үчүн айылдын бадасын кайтарып жүргөн мек­теп окуучусу К-дын атын сураган. К. баш тарт­канда, аны бычактап өлтүргөн. Ал окуган мек­тепке, айыл-кыштак, шаар көчөлөрүнө ысмы берилип, пионердик дружиналар түзүлгөн. Бүткүл союздук пионер уюмунун Ардак ките­бинде алтын тамга м-н жазылган.


Ад.: Бейшеналиев Ш. Кычан. Ф., 1956; Ашыралиев Т., Борбугулов К. Баатыр пионерлердин баяны. Ф., 1971; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1. Б., 1995.

Э. Турганбаев.