КЫТАЙ ТАРЫХЫЙ ДАРЕКТЕРИ
КЫТАЙ ТАРЫХЫЙ ДАРЕКТЕРИ – Кытай мамлекетин б. з. ч. 2-к-дын башынан б. з. 18-к-нын аягына чейинки мезгилде башкарган династиялардын хроникалары. Негизинен Кытай ж-а аны

башкарган династиялардын, о. эле түн., түн.- батыш ж-а батышында жашаган эл ж-а уруулардын тарыхы баяндалган. К. т. д. алгач эркин баяндама («лечжуань»), б. з. ч. 2-к-дан Сыма Цяндын сунушу б-ча хроника түрүндө жазылган. Биринчи династия тарыхы «Тарыхый жазмалар» («Ши-цзи») деген аталышта болжол м-н б. з. ч. 186-ж. чейин жазылып, Кытайдын пайда болушунан б. з. ч. 2-к-ды камтыган, анда б. з. ч. 203–201-ж-дагы окуяларга байланыштуу хунн, динлин, синьли уруулары м-н бирге кыргыздардын (ге-гун) тарыхына тиешелүү өтө сейрек маалыматтар кездешет (к. Кыргыздар). Б. з. 1-к-нда жазылган «Байыркы Хан тарыхы» («Цянь Хань шу»), 3-к-дагы «Үч династиянын тарыхы» («Сань го чжи»), 5-к-дагы «Соңку Хан тарыхы» («Хоу Хань шу») Хан династиясынын баскынчыл саясатына арналган. 7–8-к-дардагы «Чжоу тарыхы» («Чжоу шу»), «Түндүк династиянын тарыхы» («Бэй ши»), «Суй тарыхы» («Суй ши»), 10-к-дагы «Байыркы Тан» («Цзю Тан шу»), «Тан династиясынын жаңы тарыхы» («Синь Тан Юань ши») ж-а 13–14- к-дагы «Сун» («Сун ши»), «Юань» («Юань ши»), «Ляо» («Ляо ши») тарыхтары о. к-дагы империялардын түзүлүшү, алардын кыйрашы ж-дө тарыхый кабар берсе, жаңы доорго тийиштүү маалыматтар Цин империясынын хроникаларында баяндалган. Бирок байыркы ж-а о. к-дагы К. т. д-нде жылдар так көрсөтүлбөй, бир эле элди ар башка аттар м-н атоо, же бир эле жерде ар мезгилде жашаган түрдүү элди бир эл катары саноо; геогр. жайгашуулардын түшүнүксүздүгү (мис., кытай тарыхчы-географтары өзүлөрүнүн түн.-чыгыш, түн., түн.-батыш чек араларын иш жүзүндө түн. деп көрсөтүшкөн); сөз башына келген каткалаң үнсүздөрдүн өзгөрүлүшү же жутулуп айтылышы; иероглифтин өзгөчөлүгү; энчилүү аттардын байыркы кытай тилине, андан орус тилине которулушу (мис., «Ала-Тоо» – «Бэй-шань» – «Белая гора», «Кара- Тоо»– «Цин-шань» – «Чёрная гора», «Тёмная гора»); о. эле ылакап ат м-н берилиши ж. б. аны пайдаланууда кыйынчылыктарды туудурган. К. т. д-н Н. Я. Бичурин (Иакинф), В. П. Васильев, В. Шотт, Э. Шаванн, Н. В. Кюнер, Л. И. Думан, В. С. Таскин, А. Г. Малявкин, Е. И. Кычанов, Ю. А. Зуев, Г. П. Супруненко ж. б. синолог-окумуштуулар изилдеп которушкан.
Ад.: Кюнер Н. В. Китайские известия о народах
Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. М., 1960; Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз» // Советская этнография. 1970. ¹2; История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана (в 2-х томах). Б., 1998; Бичурин Н. Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. А., 1998; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1–2. Б., 2003; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана //Сост. Т. Д. Джуманалиев. Б. 2007.
Э. Турганбаев.