КЫТАЙ-КОРЕЙ ПЛАТФОРМАСЫ
КЫТАЙ-КОРЕЙ ПЛАТФОРМАСЫ – Кытай м-н
Кореянын басымдуу бөлүгүн ээлеп жаткан байыркы платформа. Хуанхэ д-нын төмөнкү алабын, Корей ж. а-н, Сары деңиздин түбүн кучагына алып, ичке тилке түрүндө батышка созулуп жатат да, Ички Моңголия аркылуу кетет.
Чыгыш жак фундаменти кембрий мезгилине
чейинки бүктөлүүдөн турат. Корей, Ляодун ж. а-дары, Пекиндин батышы көтөрүлүүгө учураган. Мында мигматит, гнейс, кристаллдуу сланец сыяктуу метаморфизм тектери ж-а гранит кездешет. Андагы аншань сериясында (астынкы протерозой) темирлүү кварциттин ири кени жатат. Платформанын ичкерген бөлүгү кийин
чөккөн катмарлардан түзүлгөн. Фундаменти байкал бүктөлүү циклине туура келет. Протерозой, палеозой, кээде триас м-н юра мезгилиндеги тектерден таш туз, пермде боксит кени орун алган. Платформа Түн. Кытай, Түш. Кытай, Түн.-Чыгыш Кытай, Алашань, Тарим, Цайдам, Тибет массивдерине бөлүнөт. Бейшань, Алтынтаг, Хэндуаншань, Жунгар сыяктуу ири структураларга ажырайт. Башка платформалардан кыймылдуу, туруксуз келет. Тарим, Жунгар массивдери нефть м-н газга бай.
К. Сагындыков.