КЫСЫМ
КЫСЫМ (напор) г и д р а в л и к а д а – берилген чекитте суюктук агымынын салыштырма (салмак бирдигине туура келген) мех. энергиясын туюнтуучу сызыктуу чоңдук. Агымдын салыштырма энергиясынын запасы (толук К-ы) Бернулли теңдемеси м-н аныкталат: Н=z+ +Pv/y+v2/2g, мында z – эсептөө тегиздигинен каралуучу чекитке чейинки бийиктик, Pv – v ылдамдыкта аккан суюктук басымы, y – суюктуктун салыштырма салмагы, g – эркин түшүүнүн ылдамдануусу. Биринчи эки кошулуучу абалдын (z) салыштырма потенциалдык энергиясы менен басымдын (Pv/y) суммасын аныктайт. Бул салыштырма потенциалдык энергиянын толук көрүнүшү болуп эсептелет ж-а гидростатистикалык К. деп аталат, ал эми үчүнчү кошулуучу – салыштырма кинетикалык энергиянын туюнтуп ылдамдатылган К. деп аталат. Агымды бойлото К. азаят. Түтүк аркылуу аккан илээшкек суюктук учурунда коромжуланган К. Дарси-Вейсбах формуласы м-н чыгарылат.