КЫРЧЫН
КЫРЧЫН – Күнгөй Ала-Тоонун түш. капталындагы тектон. чуңкурчак; Кичи Ак-Суунун ортонку агымындагы кооз жер. Ысык-Көлдөн 13– 15 км аралыкта, деңиз деңг. 2000–2300 м бийикте (Көлдөн 400–800 м бийик) жайгашкан.
Уз. 7–9 км, туурасы 2–2,5 км. Түндүгү ж-а түштүгү
тик капталдуу, батышы Көк-Бел ж-а Бел-Булак мойноктору, чыгышы Үч-Күнгөй, Көк-Дөбө м-н чектешет. Тектон. көтөрүлүүнүн натыйжасында Ак-Суу өрөөнүнөн бөлүнүп калган чуңкурчак. Ооз жагы кууш, ичи кеңейип, тектирлүү. Эң үстүнкү тектирче суу нугунан 600–
700 м бийикте жатат. Неоген, антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмөлөрдөн турат. Климаты континенттик, январдын орт. темпрасы –4...–6°С, июлдуку 15–20°С. Жылдык жаанчачыны 350–500 мм. Чыгыш капталын Ак-Суу
сайынан баштап четин, шилби, ыргай аралаш чытырман карагай токою ээлейт, калың шалбаа өсөт. Желе-Карагай суусунан чыгыш тарапта арча басымдуу келип, шибер бетегелүү. К. – тунук суулуу, түркүн өсүмдүктөргө бай, өзгөчө кооз жер. Мында Ысык-Көл р-нунун малчылар майрамы өткөрүлүп турат. Туристтик база бар. К. аркылуу Сүттүү-Булак (3200 м), Желе-Карагай (4200 м), Кууганды-Төр (3890 м) ж-а Ак-Суу (4150 м) ашууларына баруучу туристтик жолдор өтөт.
Ад.: Умурзаков С. У., Кешикбаев А. А., Махлина Л. И. и др. Словарь географических названий Кыргызской ССР. Ф., 1988; Кыргыз жергеси. Ф., 1990.