КЫРТАБЫЛГЫ ГРАНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРТАБЫЛГЫ ГРАНИ́Т КЕНИ Чүй обл-нун Кемин р-нунда, Кичи Кемин кыш-нан 3 км түндүктө, Токмок ш-нан 30 км чыгышта, деңиз деңг. 1400–1530 м бийикте. 1971-ж. чалгындал­ган. Кен аймагын пермь мезгилинде пайда бол­гон Кичи Кемин гранит интрузия комплекси түзөт. Гранит лейкократтуу, орто ж-а ири крис­таллдуу, өңү кызгылт боз, кызгылт ж-а күрөң­кызыл. Арасында майда кристаллдуу гранит­тердин шток сымал тулкулары, диабаз, сиенит­диорит порфирлеринин дайкалары кездешет.
Физ.-мех. касиеттери: орт. тыгыздыгы 2,60– 2,62 г/см3, көзөнөктүүлүгү – 1,5–2,8%, суу сиңи­рүүсү – 0,3–4%, үстүнөн басылгандагы бектиги­нин чеги (кургак абалда) 110–120 МПа, сууга каныккан абалда 105–115 МПа, суукка тоңду­руунун 35 циклинен кийин 100–110 МПа, же­шилүүсү – 0,57–0,5 г/см2. Гранит имараттардын ички ж-а тышкы дубалдарын каптоого жарам­дуу, оңой сайкалданат. Жылмаланган бети күз­гүдөй жаркырап, ага оюу-чийүү түшүрүүгө бо­лот. Блоктордун чыгышы 32,2%, калыңдыгы 70 мм болгон такталардын чыгышы – 8,1 м2/м3, лабор. шартта кескенде калыңдыгы 10 мм бол­гон такталардын чыгышы 31,3 м2/м3, калың­дыгы 20 мм болгондо – 24 м2/м3. Граниттин запасы В категориясы б-ча 1689 миң м3, С – 3057 миң м3.