КЫРКЫРХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРКЫРХАН , К а р к а р(а) х а н – о. кылымда кимактар жашаган бир жердин аталышы. «Ху­дуд ал-Алам» б-ча К-да жайлаган элдин үрп­адаты кыргыздардыкына окшош болгон. В. Ф. Минорский аны Иртыш д-нын түштүгүндөгү Каракаралы ш. м-н салыштырган. Тарыхчылар Б. Е. Кумеков К-ды ал-Идрисинин «Нузхат ал­муштак» аттуу эмгегиндеги Тарбагатай тоо кыр­касынын «Гиргир» деген аталышка байланыш­тырса, Ө. Караев Ысык-Көлдүн чыгышындагы Каркыра жайлоосу м-н байланышы бар болу­шу мүмкүн деп божомолдойт.


Ад.: Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Караев О. Араб­ские и персидские источники IX–XII вв. о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Караев О. Арабские и персид­ские источники о тюркских народах. Ф., 1973; Куме­ков Б. Е. Арабские источники по истории кипчаков, куманов и кимаков VIII–XIII вв. СПб., 1994; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003.

Э. Турганбаев.