КЫРКОЛ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРКОЛ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Кызыл-Кыя ш-нан 20 км чыгышта, деңиз деңг. 1640 м бийикте. 1985-ж. изилденген. Пайдалуу катмар байыркы төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кум-шагыл кошулмасынан турат. Калыңдыгы 3 мден 60 мге
чейин, туурасы 200–1300 м. Кум-шагыл кошулмасынын ичинде 12,3% койташ, 58,8% шагыл, 28,9% кум бар. Кум-шагыл бетон, асфальт бетонун даярдоого, курулуш иштерине жарамдуу.
Запасы В категориясы б-ча 2028 миң м3, С –
1994 миң м3.