КЫРКОЛ ГИПС КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРКОЛ ГИПС КЕНИ Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Ош ш-нан 70 км, Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 20 км чыгышта, деңиз деңг. 1500 м бийикте. 1981–83-ж. чалгындалган. Кен айма­гын мезозой заманында пайда болгон чөкмө тек­тер түзөт. Гипс бор мезгилиндеги доломит, аки­таш ж-а чопонун арасында жайгашып, калың­дыгы 35,9 мден 71,7 мге жетет. Гипстин өңү бозо­мук, ак, түзүлүшү майда бүртүктүү. Пайдалуу катмарда гипстин өлчөмү 70,0%тен 99,85%ке чейин өзгөрүп, орт. 93,24%ти түзөт. Ангид­риттин орт. өлчөмү 3,44%. Гипстин көпчүлүгү II сортко тиешелүү. Кыртышты гипстөөдө, це­мент өндүрүүдө пайдаланылат. Запасы А+В+С1 категориясы б-ча – 7401 миң т.