КЫРКА ТОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРКА ТОО – рельефтин узунунан созулуп жаткан көтөрүңкү формасы. Капталдарынын тиктиги 10–15°тан тигирээк келип, бийиктиги, узундугу ж-а формасы тоонун өрчүү тарыхы м-н аны түзгөн тоо тектердин курамына жараша болот. Кырг-ндагы ири кырка тоолор: Какшаал (уз. 582 км), Кыргыз Ала-Тоосу (454 км), Тескей Ала-Тоо (354 км), Алай (350 км) ж. б. Океан түптөрүндө да К. т-лор болот; мис., Түн. Муз океанындагы Ломоносов кырка тоосу (уз. 1800 км) ж. б.