КЫРГЫЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЙ (Aecipter) – куштардын туйгундар ту­кумундагы уруусу. 40тай түрү кеңири таралган. КМШ өлкөлөрүндө 6 түрү бар. К-дын ургаачысы эркегинен чоң. Жону күрөң, боору агыш, чаар, төбөсү каралжын, желкеси ак темгилдүү. Түн.- Батыш Африка, Азия ж-а Европада таралган.
Кырг-нда сейрек учурайт. Бакта уялап, 4–5 чаар жумуртка тууйт, ургаачысы 1 айча басат. Эрке­ги жем ташып берет. Майда кемирүүчүлөр, куш­тар ж. б. м-н азыктанат. Алгыр куш катары тапталат.