КЫРГЫЗ ЭЧКИСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ ЭЧКИСИ – эт-сүт-жүн багытындагы жергиликтуу эчки. Бир эчки 4,5–5 айда 100–120 кг сүт берет. Ангор, придон, оренбург эчки породалары м-н аргындаштырылып, жаңы порода чыгарылган.
Жүн багытындагы эчкиден орточо 1,5–2 кг жүн, айрымдарынан 3,5–4 кг, текесинен 5–6 кг сапаттуу жүн кыркылат. Жүнү тармал, узундугу 20–23 см, кылынын ичкелиги 76–92 мкм, тыбытынын ичкелиги 15–17 мкм. Тыбыт багытындагы эчкиден жылына 350–400 г сапаттуу тыбыт таралат. Таза жүнү 86–90%.