КЫРГЫЗ УЛУТТУК ӨЗҮНЧӨ АТЧАНДАР ДИВИЗИОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– О. Азиядагы Совет бийлигин бас­мачылардан коргоо үчүн уюшулган атайы аскер күчү. Ал адегенде эскадрон катары Пишпек ш­нда 1925-ж. түзүлүп, негизинен ыктыярдуу кыр­гыз жаштары кабыл алынгандыгына байла­ныштуу ага улуттук деген наам берилген. О. Азия аскер округунун чечими м-н 1927-ж. кыр­гыз улуттук атчандар полку болуп кайрадан түзүлгөн. Дивизиондо А. Алиев, А. Рысбаев, К. Качыкеев, К. Курабаев ж. б. парт. ж-а сов. кызматкерлер кызмат өтөп, алар Ак-Сай, Арпа, Талас, Чаткал, Алай өрөөндөрүндөгү басмачы­ларды талкалоого катышкан. Полк 1937-ж. таркатылып, башка аймактагы атчандар диви­зиясы м-н бириктирилген.

К. Алымкулов.