КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ
КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ Ж. Б ал а с а г у н и а т н. – Кырг-ндагы биринчи
жогорку окуу жайы. 1931-ж. Фрунзе ат н. К ыргыз мамл. педагогика ин-ту болуп түзүлгөн. Анын курамында: т арых , филология, физика-математика ф-ттери болуп, анда 150 студент окуган. 1951-ж. ин-т ун-т болуп калыптанган ж-а ондогон жылдар бою универсалдуу

билим берүүчү окуу жай катары өнүккөн. Студенттердин контингенти өсүп, даярдалуучу адистиктер көбөйгөн. 1992-ж. чейин респ-кадагы жалгыз ун-т болгон. 26 адистик б-ча 8708 студент окуган. 1951–93-ж. ичинде СССРдин 50 жылдыгы атн. КМУ аталган. Ун-тте физика, математика, биология, химия, экономика, география, филология, тарых, укук, журналистика, чет тил ф-ттери, мектеп директорлорунун квалификациясын жогорулатуу, кечки ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү, аспирантура, эсептөө борборлору, ил. лаборатория, ботан. бак, зоомузей, китепканалар иштеп турган. Ун-т уюшулгандан бери 100 миңден ашык адис даярдалган. 1993-ж. Кыргыз мамл. Улуттук ун-т статусун алган, ал эми 2002-ж. Ж. Баласагунинин ысмы ыйгарылган. Ун-ттин материалдык-тех. базасы чыңдалып, ил.-пед. кадрлардын өсүшүнө И. А. Батманов, И. Г. Дружинин, А. Г. Зима, Х. К. Карасаев, З. Бектенов, А. А. Любищев, К. К. Сартбаев, Г. А. Сухомлинов, А. Т. Табалдиев, Ф. И. Френкель, А. Х. Хасанов, К. К. Юдахин, А. И. Янушевич, Б. Жамгырчинов, Б. М. Юнусалиев, С. Т. Табышалиев, М. Иманалиев, Ү. Асанов ж. б. көрүнүктүү илимпоз-педагогдор эмгек сиңиришкен. Ун-тте жог. кесиптик билим берүүнүн бир нече тепкичтери ишке ашырылат: толук эмес билим (окуу мөөнөтү 2 жыл); базалык жогорку ж-а кесиптик жогорку (нормативдүү окуу мөөнөтү 4 жыл); 3) кесиптик жогорку: магистрлерди ж-а дипломдуу адистерди терең окутуу м-н даярдоо; 4) ил. пед. кадрларды – илимдин кандидаттарын даярдоо; 5) ил. пед. кадрларды – илимдин докторлорун даярдоо (окуунун күндүзгү бөлүмү – 3 жыл, сырттан окуу – 2 жыл); 6) адистерди даярдоо а. и. бакалаврды илимдин 26 багыты б-ча, илимдин 22 багыты б-ча магистрлерди даярдоо, илимдин 16 багыты б-ча аспиранттарды даярдоо, илимдин 6 тармагы б-ча докторлорду даярдоо. Бул программаларды 14 ф-т, 4 ин-т, ил. окуу ж-а маданий 8 борбор, 1 коллеж, 2 лицей, аспирантура, докторантура, жалпы ун-т б-ча 68 кафедра ишке ашырат. КУУ билим берүү программасын модернизациялоо иштеринде, ЖОЖдордо окуу процессин методикалык жактан камсыз кылууну өнүктүрүүдө активдүү катышат. Ректорлору: Б. Жамгырчинов (1951–54), Б. Юнусалиев (1954– 60), С. Табышалиев (1960–76), М. Иманалиев (1977–79), К. О. Оторбаев (1979–86), Ү. А. Асанов (1986–92), С. Ж. Токтомушев (1992–98), А. А. Бөрүбаев (1998–2000), А. Ч. Какеев (2000– 05), И. С. Болжурова (2005–06), Ы. К. Өмүрканов (2006–08), А. А. Бекбалаев (2008–09), Д. Нур уулу (2009–10), А. А. Акунов (2010), И. Исамидинов (2011-жылдан).