КЫРГЫЗ УЛУТТУК КОНСЕРВАТОРИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК КОНСЕРВАТОРИЯСЫ – жогорку музыкалык билим берүүчү окуу жайы. 1993-жылы ачылган. 1998-жылы улуттук макам берилген. Консерваторияда 5 факультет (фортепьяно, теория-композитордук, оркестрдик, вокалдык, билимин өркүндөтүү), 14 кафедра жана сырттан окуу бөлүмү бар.


Консерваторияда белгилүү искусство ишмер­лери жана илимдин кандидаттары, докторлору жана профессорлор эмгектенишет. Консервато­рияда студенттердин симфониялык, эл аспаптар оркес­три, хор, фольклорчулар, скрипкачылар ан­самблдери, компьютердик класс, үн жазуучу сту­дия бар. 2004-жылы консерваториянын алдында салттык музыка борбору ачылган. Ректору М. Бегалиев (1993-жылдан).