КЫРГЫЗ УЛУТТУК КИТЕП ПАЛАТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК КИТЕП ПАЛАТАСЫ – рес­публика аймагында басылып чыккан басылма­лардын милдеттүү нускасын мамл. ж-а статис­тик алык катт оого алып, алар ж-дө библ. көрсөткүчтөрдү чыгаруучу библиогр. мекеме; ил.-тех. маалымат, басма иштери, полиграфия­лык ө. ж., китеп соодасы ж-а мамл. библиогр. борбор. Кыргыз ССР ЭКСтин 1937-ж. 23-майда­гы токтому м-н негизделип, 1939-ж. иштей баш­таган. Басма сөздү каттап, сактоодон баштап, ал респ. деңгээлдеги мамл. библиогр. ил. бор­бор, басма сөз статистикасынын, борборлошту­рулган каталогдоштуруунун ж-а Улуттук lSBN, ISSN агенттигинин борборуна айланган. Улут­тук басма сөздүн кайталангыс, уникалдуу ар­хивин сактоо, маалыматтык библиографияны өнүктүрүү максатында КР Президентинин 1999- жылдын 18-мартындагы жарлыгы м-н Мамл. китеп палатасы Улуттук китеп палатасы болуп кайра түзүлгөн. Палата 5 негизги бөлүмдөн ту­рат (2012): 1) милдеттүү нусканы кабыл алуу ж-а китеп таркатуу бөлүмү келип түшкөн ба­сылмага (газетадан башка) мамл. каттоо номе­рин ыйгарып, бөлүштүрүүнү жүргүзөт; 2) мамл. библиография бөлүмү китеп, брошюра, авторе­ферат, нота, сүрөт басылмаларын, рецензия ж-а газета-журналдарга чыккан макалаларды библиогр. каттоодон өткөрүп УДК (Универсал­дуу децималдык классификация) б-ча класси­фикациялап, мамл. библиогр. көрсөткүчтөрдү түзөт. Бөлүм «Кыргыз Республикасынын басма сөз жылнаамасы» мамл. библиогр. көрсөткүчүн кыргыз ж-а орус тилинде даярдап чыгарат. Анда «Китеп жылнаамасы (1951-жылдан)», «Газета макалаларынын жылнаамасы» ж-а «Журнал макалаларынын жылнаамасы» (1956-жылдан), «Рецензия жылнаамасы» (1966-жылдан), «Нота жылнаамасы» (1972-жылдан), «Сүрөт искус­ствосунун жылнаамасы» ж-а «Библиография­лык колдонмолордун көрсөткүчү» (1982-жылдан) бөлүмдөрү бар; 3) каталогдоштуруу ж-а стандарт­таштыруу бөлүмү өз ишинде басма сөз ад-тта­рын борбордоштуруп каталог түзүүгө чоң орун берет. 1957-жылдан аннотацияланган карточ­калар үзгүлтүксүз басылып келет. Каталог м-н картотекаларда 1939-жылдан берки басма ад-ттар камтылган. Ошол учурдан тартып Улут­тук lSBN, lSSN ж-а каталогдоштуруу агентти­гинин Кырг-ндагы бөлүмү ачылган. Бул бөлүм аркылуу китептерге стандарттык номер коюлуп, каталогдук системага киргизилген. Стандарт­таштыруу номери б-ча Лондондогу Эл аралык lSBN агенттигине, «Эл аралык басмалардын справочниги» үчүн маалымат жөнөтөт. 4) басма сөздүн ретроспекциясы, архиви ж-а статисти­касы бөлүмүндө басылманын статистикалык эсебин толуктоо ж-а сактоо м-н гана чектелбес­тен, сан ж-а сапаттык көрсөткүчү б-ча маалы­мат берет. 5) эл аралык кызматташуу бөлүмү 2008-ж. түзүлгөн. Мамл. басма тармагы б-ча эл аралык кызматташуу ишин координациялайт.

М. Молдалиева.