КЫРГЫЗ УЛУТТУК АСКЕР ЛИЦЕЙИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ УЛУТТУК АСКЕР ЛИЦЕЙИ Советтер Союзунун Баатыры Д. А с а н о в а т н. – атайын аскер окуу жайы. 1983-ж. ачылган Кырг-н КПнин 60 жылдыгы атн. Респ. адистеш­тирилген жатак-мектептин базасында 1994-ж. Кыргыз мамл. улуттук аскер лицейи катары уюшулган. 2006-жылдан Кыргыз улуттук аскер лицейи деп аталат. 2005-жылдын 30-апрелинде окуу жайга Советтер Союзунун Баатыры, гене­рал-майор Д. Асановдун ысмы ыйгарылган. Учурда лицейдин айрым бүтүрүүчүлөрү Россия, Түркия, Германия, Индия, Казакстан, АКШ, Азер­байжан ж. б. өлкөлөрдүн аскердик окуу жай­ларынан кесиптик билим алышууда. Окуу жай­дын начальниктери: контр-адмирал М. С. Теми­ров (1983–84), генерал-майор Д. А. Асанов (1984– 94), полковник С. С. Асивеев (1994–2006), пол­ковник М. М. Жумагулов (2006–07), полковник С. А. Койтокуров (2007–08), полковник А. К. Тал­дыбаев (2008-жылдан).