КЫРГЫЗ ТООГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ ТООГУ – леггорн, плимутрок, нью­гемпшир тоокторун аргындаштыруудан алын­ган породалык топ. Кыргызстан мал чарба ж-а ветеринария ИИИнин тажрыйба чарбасында чыгарылган.
Корозунун тирүүлөй салмагы 3,5–4,0 кг, мекиян­дарыныкы 2,5–2,6 кг. Мекияндары жылына орто эсеп м-н 160 жумуртка тууйт. Жумуртка­сынын салмагы 57–58,5 г. Кыргызстандын шартында тез жетилүүчү, эттүү, жумурткачыл породаны түзүү үчүн асыл тукум иши жүргүзүлүүдө.