КЫРГЫЗ ТЕАТР ИШМЕРЛЕРИНИН СОЮЗУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ ТЕАТР ИШМЕРЛЕРИНИН СОЮЗУ – театр иск-восун өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү театр ишмерлеринин респ. чыгармачыл уюму. 1961-ж. Кыргыз ССР театр коому катары уюшулган, 1986-жылдан азыркы аталышта. Башкы милдети: театр чыгармаларынын көркөмдүкмазмундук деңгээлин, анын ишмерлеринин көркөм чеберчилигин жогорулатууга, турмуш м-н байланышын чыңдоого ж-а элди патриотизм, интернационализм маанайында тарбиялоого көмөктөшөт. Союздун президиуму 15 мүчөдөн турат. Коомдун төрагалары М. Рыскулов (1961–75), Т. Абдумомунов (1975–86), Союздун төрагасы Ч. Базарбаев (1986–96), Т. Жолдошбеков (1996–2005), М. Шаршенбаев (2005- жылдан).