КЫРГЫЗ ССР КОНСТИТУЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ ССР КОНСТИТУЦИЯСЫ – Кыргыз ССРинин негизги мыйзамы. 1929-ж. 30-апрелде Кыргыз АССРинин Конституциясы, 1937-ж. 23- мартта К. ССР К. кабыл алынган. 20-к-дын 70- жылдарында Советтер Союзу өнүккөн социа­лизмдин фазасына кирди деген жасалма ураан алдында Кыргыз ССР Жогорку Совети 1978-ж. 10-апрелде ага айрым өзгөртүү, толуктоолорду киргизип, К. ССР К-нын 10 бөлүм, 19 глава, 172 статьядан турган жаңы редакциясын кабыл ал­ган. 1989–90-ж. Советтер Союзунда башталган кайра куруу саясатына байланыштуу ага кай­радан жаңы толуктоолор киргизилип, бир кый­ла өзгөрүүгө учураган. К. ССР К. Кыргыз ССРи­нин негизги мыйзамы катары 1993-ж. 5-майга чейин кызмат кылган.