КЫРГЫЗ САНЖЫРАСЫ
КЫРГЫЗ САНЖЫРАСЫ – кыргыз элинин түпкү тегин, келип чыгышын, таралышын баяндаган тарых илиминин бир тармагы. Негизинен баштапкы формасында жети атасынын тегин билип жүрүү үчүн оозеки түрүндө бир муундан экинчи муунга айтылып, сакталып жүрүп отурган (к. Санжыра). К. с. өз башталышын мифтик Адам ата, Обо энеге байланыштырып, ирети м-н раса, эл ж-а кээ бир уруулардын таралышын камтыган. Адам атадан Ноо (Нух) пайгамбар, андан Хам, Сам, Жапас (Яфас), Жапастын кийинки тукумунан Түрк, кыргыздар анын уулдарынын бири (кээ бир санжырада 8-мууну) Өгүз (Огуз, Угуз, Ууз) хандан тарайт деп эсептелинет. Анын андан кийинки тукумунун (көбүнчө 20, же андан ашыгыраак) бири Долон бий болгон. Мындай санжыраларды өз эмгегинде Абу-л-Гази Бахадур хан, Рашид ад-Дин, Хондемирлер да кенен пайдаланган. О. кылымдагы санжыраларда кыргыздардын башка элдер м-н байланышы, белгилүү адамдарды тарыхый окуялар аркылуу чагылдырып, аларды изилдеп, жазуу иштери жүргүзүлө баштаган (к. «Мажму ат-таварих», «Тарих-и Рашиди»). 20- к-га чейинки К. с-нда кыргыздар негизинен Борб. Тянь-Шань, Алтай аймактарында жашагандыгы айтылат. К. с-нын ичинен байыркы кыргыздарга тиешелүү болгон Балыкооздун санжырасында тарыхый окуяларга негизги басым жасалып, кыргыздардын коңурат, казак, кыпчак, курама, маңгыт, тайчык, жедигер, ногой, кытай, катаган, калча, өгүз сыяктуу уруулары (12 ата) болуп, Алтайга сүрүлөрдөн мурун Талас, Фергана ж-а Сыр-Дарыя бойлорун жердеген. Дүйнөлүк маанидеги эң чоң «Манас» эпосу да санжыранын негизинде баяндалган. Чыгыш таануучу В. В. Бартольд, окумуштуу-тарыхчы Ч. Валиханов ж. б-дын таасиринен улам кийинки санжырачылар Тоголок Молдо, Талип Молдо, Мухамедалы Кыпчаков ж. б-дын эмгектеринде Түш. Сибирь (Енисей) ж-дө түшүнүктөр кире баштаган. О. эле Бала Айылчы, Үмөт молдонун санжыраларында уруулардын таралышы, кыргыздардын кытай, казак, калмактар м-н болгон мамилеси баяндалат. Калмак жапырыгы, кыргыздардын Ысар, Көлөпкө кириши, Үчүкө- Түлкү, хан Кудаян тууралуу манасчылар С. Орозбаков, Ш. Ырысмендеев, изилдөөчүлөр Ы. Абдырахманов, О. Сыдыков ж. б. айтып, жазып калтырышкан. Жуңгар хандыгынын жоюлушу, кыргыздардын биригиши, алардын азыркы

жашап жаткан аймактарына отурукташып калышы ж-дө Т. Алымбеков, ата-бала А. Акылбековдордун санжыраларында так ж-а кеңири берилген. Санжыраны ил. багытта кароого аракет кылгандардын бири – Үсөйүн ажы. Анда
кызыл-суулук кыргыздардын санжырасы аркылуу байыркы кыргыз урууларынын тарашы, алардын башка элдер м-н байланышы каралган. Совет доорунда тарыхчылар (С. Абрамзон, Я. Винников ж. б.) ж-а жыйноочулар (Ы. Абдырахманов, М. Байгаринов ж. б.) тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп, К. с-н жыйноо тартипке келтирилген. 20-к-дын 90-жылдарынан К. с. ил. негизге салынып, бир нече эмгек жарык көргөн. Азыркы кыргыз элинин пайда болушу Долон бий ж-а анын уулдары Ак уул (Агул), Куу уул (Куул) м-н байланышкан. Ошондуктан кыргыздар оң канат (Ак уул, оң), сол канат (Куу уул, сол) ж-а ичкилик деп аталган топторго бөлүнгөн. Оң канатка адигине, тагай ж-а муңгуш уруулары кирген, а. и. адигине жору, бөрү, баргы, кара багыш, сарттардан; тагай сарыбагыш, бугу, солто, тынымсейит, саяк, чекир саяк, жедигер, черик, азык, багыш, моңолдор, баарын ж. б. уруулардан турат. Муңгуш уруусу жагалмай ж-а кош тамга деген эки топко тарап, кезинде бир нече майда урукка бөлүнөт. Сол канат кушчу, саруу, мундуз, жетиген, кытай, басыз, төбөй, чоң багыш урууларынан; ичкилик найман, тейит, кесек, жоо кесек, каңды, бостон, нойгут, дөөлөс, ават, кээ бир учурда кыдырша урууларынан турат. Булардан тышкары К. с-да өз алдынча (мис., коңурат) ж-а кыргыздар м-н тектеш эмес уруулар
(калмак, сарт-калмак, чала казак ж. б.) да аталат. К. с-н бизге толук ж-а так жетти деп кесе айтууга болбойт, көбүнчө айтуучу, жазуучулардын социалдык же диний көз караштарына жараша ар кайсы мезгилде өзгөрүүлөргө дуушар болуп, хронол. жылдарды эсептөөдөн да жаңылыштык көп кеткен. Өзгөчө Октябрь рев-ясынан кийин андагы маалыматтарга маани берилбей, оозеки фольклордун бир бөлүгү катары ка-
ралып калган. Кыргыздардын өткөн тарыхын изилдөөдө К. с-нын мааниси чоң.
Ад: Абуль-Гази хан. Родословное древо тюрков. Казань, 1906; Абрамзон С. М. Народные предания как источник для изучения этнической истории киргизов Центрального Тянь-Шаня // Этническая история народов Азии. М., 1972; Сыдыков О. Тарых кыргыз Шадмания: Кыргыз санжырасы. Ф., 1990; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Кыргыз санжырасы. Б., 1994; Э. Төрөкан уулу
Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1–2. Б., 1995;
Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Балыкооздун санжырасы. Т. 1–2. Б., 2009.
Р. Жолдошов.