КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ CҮРӨТЧҮCҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ CҮРӨТЧҮCҮ – ардак наам. Кыргыз ССР Жогорку Со­ветинин Президиумунун 1944-жылдын 12-апре­линдеги жарлыгы менен белгиленген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен берилет. Жо­горку же атайын орто билими бар, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери де­ген ардак наамга ээ, живопись, графика, айкел, жасалга өнөрү, театр жасалгасы боюнча нус­калуу чыгармаларды жараткан жана сүрөт өнөрүн өнүктүрүү ишинде сиңирген бөтөнчө эмгеги үчүн сүрөт искусствосунун көрүнүктүү ишмерлерине ый­гарылат.