КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ – ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССР эл жазуучусу. Көркөмдүк жагынан нускалуу чыгармалар, адабият жагынан эң ири эмгектер бер­ген, кыргыз жана көп улуттуу совет адабиятын өнүктүрүүгө жана байытууга кызматы өткөн жа­зуучуларга, драматургдарга, адабиятчыларга берилет. Наам Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1968-жылдын 20-июнундагы указы менен белгиленген.