КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ – мамлекеттин акча-кредит саясатын жүргүзүүчү мекеме. Банктын ишмердиги респ­да баанын туруктуулугуна жетишүү, улуттук ва­лютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, банктык ж-а төлөө системасынын коопсуздугун ж-а ишенимдүүлүгүн сактоого багытталган. Банктын статусу, милдеттери, ыйгарым укук­тары, уюштуруу принциптери ж-а ишмердиги КРдин Конституциясы ж-а «Кыргыз Республи­касынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзам м-н белгиленет. Коюлган милдеттерин аткаруу үчүн КРдин Улуттук банкы өз ишмердигин мамл. бийликтин ж-а башкаруунун органдарына көз карандысыз уюштурат ж-а жүзөгө ашырат. Улут­тук банктын негизги милдеттери: 1) КРде акча­кредит саясатын иштеп чыгат, аныктайт ж-а жүргүзөт; 2) Улуттук банк лицензиялоочу банк­тардын ж-а финансы-кредит мекемелеринин ишмердигин жөнгө салат ж-а көзөмөлдөйт; 3) бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат ж-а жүзөгө ашырат; 4) акча белгилеринин эмис­сиясын жүргүзүүдө артыкчылыктуу укукка ээ; 5) төлөө системасынын натыйжалуу иштөөсүнө өбөлгө түзөт; 6) банк системасы үчүн банк опе­рацияларын, бухгалтериялык эсеп ж-а отчёт­туулукту жүргүзүүнүн эрежелерин белгилейт. Улуттук банк финансылык ж. б. маселелер б-ча КРдин Президентинин, Жогорку Кеңеши­нин, Өкмөтүнүн финансылык кеңешчиси болуп саналат. Ал финансылык ж-а банк ишмерди­гине байланышкан нормативдик-укуктук акты­лардын долбоору б-ча корутунду чыгарат. «Кыр­гыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамга ылайык Улуттук банктын ишмерди­гин анын башкармалыгы башкарат. Башкар­малыктын кеңешмеси айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.