КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– жогорку окуу жайы. 1992-ж. КР Президен­тинин жарлыгы м-н мамл. кызматка адистер­ди даярдоону ж-а кайра даярдоону камсыз кы­луу максатында Бишкек Эл аралык менежмент ж-а бизнес мектеби ачылып, кийин 1997-ж. КР Президентинин Указы м-н КР Президентине ка­раштуу Башкаруу академиясы болуп кайра түзүлгөн. Мамл. бийлик органдарын окуу-ме­тодикалык, ил. ж-а маалымат-аналитикалык жактан камсыздандыруу, о. эле башкаруу ж-а


экон., мамл. адис кызматкерлеринин квалифи­кациясын жогорулатуу, даярдоо ж-а кайра даяр­доо функциясы ыйгарылган. Академияда мамл. ж-а муниципалдык башкаруу ин-ту, Бишкек эл аралык менежмент ж-а бизнес мектеби, о. эле А. Токтоналиев атн. Бишкек финансы-экон. окуу жайы иштейт. Академия 20 жылдан бери универсалдуу билим берүүчү окуу жай катары өнүккөн. Кадрларды даярдоодогу окуу-методи­калык иштери бөлүштүрүлүп, 130дан ашык адис профессор окутуучулар, белгилүү окумуштуулар эмгектенишет ж-а учурда 2150дөн ашык студент билим алат. Магистратура (күндүзгү, кечки ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү), бакалавр (күндүзгү бөлүмү) программалары иштейт. Башкаруу ака­демиясы Борб. Азия аймагындагы Бизнес мек­тебинин ассоциациясынын, Борб. АзиядагыЖОЖдордун ресурстук тармагынын мүчөсү. Уюштуруучусу ж-а ректору – М.

Ашыркулов.