КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ ЖАНА ТЕХНИКА БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ ЖАНА ТЕХНИКА БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫГЫ гуманитардык, табигый ж-а тех. илимдерди өркүндөтүүгө көрүнүктүү салым кошкон ил. изилдөөлөргө, жогорку өндүрүмдүү жаңы технологияларды ойлоп таап, ишке киргизгендерге, о. эле кеңири коомдук жактырууга ээ болгон, окуу жайлары ж-а жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн жазылган эң мыкты окуу
китептери үчүн ыйгарылат. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1967-ж. 30-ноябрдагы ¹ 647 токтому м-н бекитилген. Эки жылда бир жолу КРдин эгемендик күнүнө карата берилет. Мамл. сыйлыкты ыйгаруу ж-дөгү маселени атайын к-т карап чыгып, чечим чыгаргандан кийин КР Президентинин бекитүүсүнө берилет. Сыйлыкка татыктуу болгон адамдарга «Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» наамы м-н бирге диплом ж-а акчалай сыйлык, лауреаттык күбөлүгү тапшырылат. Ардак белги көкүрөктүн оң жагына тагылат.